Бишкектеги “Ынтымак” сейил багында 500дөн ашуун бак-дарактын көчөтү отургузулду. Бул борбор калаанын таза экологиясына кам көрүү жана жашылдандырууга салым болот.
Иш-чара “Бир жарандан бир көчөт” долбоорунун алкагында, Айыл чарба министрлиги, Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте уюштурду. Көчөттөрдү отургузуу иштерине баш калаанын тургундары көмөктөшүштү.
Акцияда сейил бактарда макулатура жана желим буюмдарды кабыл алуу пункттары уюштурулду. Демилгечилердин айтымында, ушундай эле акция Ч.Түлөбердиев атындагы сейил багында да өткөрүлдү.