Борбордо өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошкондор сыйланды.
Анда “Жылдын мыкты мугалими”, “Ардактуу апа”, “Мыкты ишкер” сыяктуу төш белгилери берилди. Алардын арасында көп балалуу энелер, эгиз төрөгөн апалар жана үлгүлүү үй-бүлөлөр да бар.
Ошондой эле, иш-чараны уюштурган коомдук кайрымдуулук фонддун 15 жылдык мааракеси белгиленип, сыйлык ээлерине концерттик программа тартууланды.