Жаңылыктар
Кыргызстан менен Германиянын ортосунда ар кандай чөйрөлөрдө кызматташуу талкууланды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан менен Германиянын ортосунда ар кандай чөйрөлөрдө кызматташуу талкууланды

Берлин шаарында Кыргызстандын Германиядагы элчиси Эрлан Абдылдаев Германиянын Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш Европа, Түштүк Кавказ жана Борбордук Азия боюнча Ыйгарым укуктуу өкүлү Маттиас Люттенберг менен жолугушту. 

Жолугушууда 5-ноябрда Бишкекте “Европалык Биримдик – Борбордук Азия” биринчи экономикалык форумун өткөрүү жана анда германиянын катышуусу талкууланды. 

Ошондой эле Германиянын Тышкы иштер министрлигинин “Жашыл Борбордук Азия” демилгесинин алкагында кызматташуу, эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда консультацияларды уюштуруу тууралуу сөз болду. 

Элчи 28-ноябрда боло турган парламенттик шайлоо, өлкөдөгү коронавирус пандемиясы боюнча абал тууралуу маалымат берди.