Жаңылыктар
Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды
Кыргызстан жаңылыктары
Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды

Судьяларды тандоо боюнча кеңеши тарабынан Президент Садыр Жапаровдун атына судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу Нарын, Ысык-Көл, Талас облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялык кызмат орундарына, өз орундарына 14 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн. 

Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен Садыр Жапаров судьялык кызматка дайындоо үчүн бардык 14 талапкер боюнча Кеңештин сунуштары менен макул болду. 

Алар Нарын райондук сотуна Руслан Калдыбаев, Кочкор райондук сотуна Сапарбек Жунусов, Нарын шаардык сотуна Жолдошбек Жеңишбек уулу, Назира Сейдакмат кызы, Ысык-Көл райондук сотуна Айнура Шаршенбиева, Каракол шаардык сотуна Айбек Токтобаев, Талас райондук сотуна Ниязбек Калматов, Бакай-Ата райондук сотуна Нурмухамбет Кермалиев, Бообек Турсункулов, Манас райондук сотуна Дүйшөнкул Шатманов, Талас шаардык сотуна Акылбек Турусбеков, Бишкек шаары, Октябрь райондук сотуна Гүлнара Абылкасымова, Биринчи май райондук сотуна Венера Айдаралиева, Асел Эсенгулова.