УКМК тоо-кен тармагындагы мыйзамсыз иштерди аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ишинин алкагында, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Сырт тилкесинде жайгашкан кайра иштетүүчү заводдон калай, вольфрам, алтын, күмүш жана башка химиялык элементтерди камтыган концентратты мыйзамсыз алып чыгуу фактысын аныктады.
Анда капка салынган химиялык элементтердин концентраты менен жалпы салмагы 50 тоннадан ашкан мамлекеттик үлгүдөгү оор жүк ташуучу унаалар кармалды.
Автотранспорт каражаттарын кароодо ташылган жүктүн товардык-транспорттук документтеринде полиграфиялык жабдууларда өндүрүш түрүндөгү жасалмалуулуктун белгилери аныкталган.
Буга байланыштуу унаалар УКМКнын Ысык-Көл облусуна караштуу аймагына киргизилди.
Учурда концентраттарды мыйзамсыз алып чыгууну уюштурууга тиешеси бар адамдарды аныктоо, мамлекеттин кызыкчылыгына келтирилген зыянды, кен иштетүү боюнча иш-аракеттерди жүргүзүүнүн мыйзамдуулугун аныктоо чаралары жүргүзүлүүдө.