Жаңылыктар
Министрлер Кабинетинин иш регламенти ашыкча бюрократиядан арылууга мүмкүндүк берет
Кыргызстан жаңылыктары
Министрлер Кабинетинин иш регламенти ашыкча бюрократиядан арылууга мүмкүндүк берет

Министрлер Кабинети жаңы редакциядагы иш регламентин кабыл алды. Ал ашыкча бюрократиядан арылууга мүмкүндүк берет. Мындан ары ченемдик-укуктук актылардын бир дагы долбоору Президенттин Администрациясында кармалбай, мамлекеттик органдын жетекчиси кабыл алынып жаткан чечимдер үчүн жеке жоопкерчилик алат. 

Министрлер Кабинетинин жаңы курамынын биринчи жыйынында ар бир мамлекеттик органдын алдында турган негизги милдеттер аныкталды. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров экономикалык абалды жакшыртууга, бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жана социалдык маселелерди чечүүгө багытталган чечимдерди ыкчам макулдашуу жана чечимдерди кабыл алуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдын жетекчилери элдин жашоосун жакшыртууга багытталган чечимдерди кабыл алуулары керек. Ансыз экономикалык өсүшкө жетүү кыйын. Ал үчүн мамлекеттик аппарат эл кызыкчылыгы үчүн иштеши керек. Бул максаттарды ишке ашырууда Министрлер Кабинетинин жаңы редакциядагы Иш регламентин кабыл алынды. Регламент 10 бөлүмдөн жана 100 пункттан туруп, ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун жана башка чечимдерди макулдашуу жаатында өзгөртүүлөр киргизилген.