Бишкекте коомдук транспорт катышкан жол кырсыгы болду. №8 автобус жол кырсыгына кабылып, 21 киши жабыркаган.
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, балдар ооруканасына тогуз бала түшүп, амбулатордук дарыланууга чыгарылган. №4 шаардык ооруканага 12 жабырлануучу түшүп, алардын төртөө травматология бөлүмүнө жаткарылган. Абалдары канааттандырарлык.
Ошондой эле эки адам орто оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Калгандары үйлөрүнө чыгарылган. Күбөлөрдүн айтымында, жеңил унаа карама-каршы тилкеге чыгып кеткенден улам, автобустун айдоочусу андан качып бакты сүзгөн.