Өлкөдө коронавируска каршы эмдөө алууга милдеттендирилгендердин тизмеси толукталды. Эми кинотеатрлардын, фитнес клубдардын кызматкерлери эмделүүгө тийиш - дешет Саламаттык сактоо министрлигинен.
Мекеменин билдирүүсүнө караганда, өкмөттүн 2001-жылдагы "Жугуштуу ооруларга каршы иммунизациялоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Анда маданият, эс алуу жана спорт тармагындагы кызматкерлер милдеттүү профилактикалык эмдөөдөн өтүшү керектиги бекитилген. "Министрлер кабинети милдеттүү профилактикалык эмдөөдөн өтүү тизмесине адегенде жугуштуу оорулар менен ооруган бейтаптарга тейлөө көрсөткөндөрдү, бардык типтеги окуу жайларда иштегендерди киргизген.
Бүгүнкү күндө коронавирустук пандемияга байланыштуу учурдагы кырдаалды эске алуу менен маданият, эс алуу жана спорт тармагынын кызматкерлери да COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүшү шарт", - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.