Жаңылыктар
Боом капчыгайында кулоо коркунучу бар таштар түшүрүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Боом капчыгайында кулоо коркунучу бар таштар түшүрүлөт

1-5-ноябрь күндөрү Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында, тагыраагы Боом капчыгайында кулоо коркунучу бар таштар атайылап түшүрүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасы билдирди. 

Таш кулатуу иштери күндүзгү саат тогуздан 15:00гө чейин жүргүзүлүп, Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери жолду маал-маалы менен жаап турат. Тазалоо учурунда унаалар бир тилке менен жүрөт. 30-40тан ашык автотранспорт чогулса иштер токтотулуп, жол убактылуу ачылат. Мындай аракет унаа жолуна таш кулап кетүү кооптуулугун алдын алуу максатында жасалууда.