Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров ар бир мамлекеттик органдын негизги милдеттерин аныктады. Өлкөнүн экономикалык абалын жакшыртуу, бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жана социалдык маселелерди чечүүгө багытталган чечимдерди ыкчам макулдашуу жана кабыл алуу зарыл.
Мамлекеттик аппараттын тутумун жакшыртуу боюнча чечкиндүү чараларды кабыл алуу жоопкерчилигин өзүнө ала турган башкаруучулар керек. Кеңешменин жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин иш регламенти кабыл алынды. Иштеп жаткан регламент толугу менен кайрадан каралып, ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун жана башка чечимдерди макулдашуу жаатында өзгөртүүлөр киргизилди.
Регламент ашыкча бюрократиядан арылууга мүмкүндүк берет. Мамлекеттик аппараттын ишинин жыйынтыгынан калкка кызмат көрсөтүүнүн натыйжалуулугу көз каранды.