Президент Садыр Жапаров "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамга кол койду.
Аталган мыйзамдын максаты, жарандардын кызматтык ишмердүүлүгүнүн көз карандысыздыгы жана туруктуулугун, ырааттуулукту камсыздоонун, мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызматтын натыйжалуулугун жогорулатуу чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча укуктук негиздерди орнотуу, нормативдик-укуктук базаны жакшыртуу.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, мамлекеттик органдардын статс-катчыларынын ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн талдоонун негизинде, бул институттар өздөрүн актаган эмес деген тыянак чыгарылып, мамлекеттик башкарууда натыйжалуулукту көрсөткөн эмес. Статс-катчылар институтунун жоюулушун эске алуу менен, анын милдеттери мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин орун басарларынын бирине жүктөлөт.