Жаңылыктар
Москвада Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына карата эскерүү кечеси өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Москвада Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына карата эскерүү кечеси өттү

Москвада Жусуп Абдрахмановдун урпактары, жердештери көрүнүктүү саясатчынын 120 жылдыгына карата эскерүү кечесин өткөрүштү. 

Уюштуруучулардын айтымында, өсүп келе жаткан муун кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башатында турган баатырларын билиши керек. Москва шаарында жашап, иштеп жаткан Ысык-Көл районунун Жаркынбаев айылынын тургундары өз мекендештерине жана балдарына көрүнүктүү жердешибиз тууралуу даректүү тасма көрсөтүштү. 

Эске сала кетсек, Жусуп Абдрахманов 1901-жылы 28-декабрда Каракол районундагы Чиркей айылында туулган. Советтик мамлекеттик жана саясий ишмер, Кыргыз АССР Эл Комиссарлар Советинин биринчи төрагасы. 1920-жылдардын башында Абдыкерим Сыдыков, Ишеналы Арабаев менен бирге Түркстан Республикасынын курамында автономия түзүү сунушун көтөргөн. Дал ушул кыялын ишке ашыруу үчүн ал өз өмүрүн берген. 1924-жылы Бүткүл россиялык Борбордук Аткаруу комитети РСФСРдин курамында Кара-Кыргыз автономиялуу областын түзүү жөнүндө тарыхый декрет кабыл алган.