Жаңылыктар
Ачык коомчулук – Ачык ЖМК. Жарандык коомду колдоо максатында иш-чара өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Ачык коомчулук – Ачык ЖМК. Жарандык коомду колдоо максатында иш-чара өттү

Европа Биримдигинин “Ачык коомчулук – Ачык ЖМК” долбоорунун алкагында жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн “Долбоорлордун кичи-гранттын компоненттеринин жыйынтыктарынын көрсөткүчтөрү” темасындагы иш-чара болуп өттү. 

Анда ишке ашырылган демилгелердин жыйынтыктарынын негизинде коомдо алардын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугу жана маалымдуулугу боюнча командалык долбоорлордун бет ачары сунушталды. Эскерте кетсек ушул жылдын февраль айында жарыяланган кичи-гранттардын сынагынын жыйынтыгы боюнча долбоордун алкагында өлкөнүн дубанынан 8 долбоордук демилге колдоого алынган. Сынакка негизинен коомдук уюмдардын жана медиа өкүлдөрү катышууга ниетин билдиришкен. 

Долбоордун кичи-гранттык компоненти сектор аралык байланышты бекемдөөгө, ой-пикири, көз карашы жана маалымат менен эркин алмашууга, коомдук маанидеги маселелер боюнча өз пикирин эркин калыптандырууга багытталган. Сынактын негизги максаты – жергиликтүү активисттерди адам укугун коргоого, айрыкча сөз эркиндигин жана ой-пикирин билдирүүгө түрткү берет.