Улуттук илимдер академиясынын карамагындагы дача түрүндөгү үйлөр жайгашкан тилкеде инфратүзүм начарлаган.
Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кашка-Суу айылындагы жайгашкан 300дөй түтүн жашаган дачада коммуналдык шарттар жетишсиз. 60-жылдары Улуттук илимдер академиясынын базасында түзүлгөн үйлөр союз тарагандан кийин жеке жактарга сатылып кеткен.
Андан бери атайын багбанчылардын коому түзүлүп, ага 70тен ашык жаран расмий мүчө болгон. Алар жыл сайын жыйын өткөрүп, аймактын көйгөйлөрүн чечип келишкен.
Бүгүн коомдун мүчөлөрү чогулуп топтолгон маселелерди талкуулашты. Пандемиядан бери алгачкы жолу болгон жыйналышка жүздөн ашык жаран катышып, көйгөйлөрүн ортого салды.