Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги Лейлек районунун Андарак айылында жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Жыйында үгүт иштеринде шайлоочулардын добушун сатып алуулар, административдик ресурс пайдалануу боюнча мыйзамда көрсөтүлгөн беренелерге түшүндүрмөлөр берилип, ар бир жарандын конститутциялык-укуктук жоопкерчилиги каралганы белгиленди. Мындай жыйналыштар облус аймагы боюнча өтөт.