"Тилектештик автобусу" өнөктүгүнүн алкагында жыл башынан бери 4600дөн ашуун жаранга акысыз юридикалык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Юстиция министрлиги кабарлады.
Жер-жерлерде санитардык талаптарды сактоо менен ачык асман алдында атайын укуктук кеңеш берүүлөр уюштурулган. Мекеме өнөктүктү дагы улантат. Учурда аймактарда юридикалык жардам көрсөтүүчү 33 борбор бар.