Бишкекте унаа сүзүп кетип жабыркаган же каза болгон жөө жүргүнчүлөрдүн 80 пайызы телефон карап баратып кырсыкка кабылат. Бул тууралуу Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун Тез жардам кызматы бөлүмүнүн дарыгери Бекназар Жунусов билдирди.
Дарыгер айдоочулардын көбү дагы унаа башкарып бара жатып телефон колдонорун белгилеген.
"Буга чейин инспекторлор айып салчу, азыр андай жок. Айдоочу телефонду каалагандай колдонот. Бүт баарынын колунан телефон түшпөйт. Басып баратса деле, унаада болсо да, жолдон өтөрдө деле колдорунда смартфон", — деди Жунусов.
Белгилей кетсек, күнүнө Кыргызстанда кеминде эки адам жол кырсыгынан каза болот.