Швейцариянын Женева шаарында Кыргызстандын төрагалыгы алдында ЖКЭУнун Аткаруу кеңешинин 54-сессиясында шайлоонун жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев ЖКЭУнун Аткаруу кеңешинин төрагалыгына дайындалды. Бул тууралуу ӨКМдин пресс-борбору маалымдады.
Төраганын орун басары болуп Грузиянын өзгөчө кырдаалдар кызматынын жетекчисинин биринчи орун басары Леван Гирсиашвили шайланды.
"Дүйнөнүн 60тан ашык өлкөсүнөн турган ЖКЭУна төрагалык кылуу биздин өлкө үчүн чоң сыймык, анткени дал ушул орган жарандык коргонуу, калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо жаатында орчундуу чечимдерди кабыл алат. ЖКЭУ жарандык коргонуу жаатындагы чет мамлекеттер менен аймактык жана глобалдык деңгээлде кызматташууну андан ары өнүктүрүүгө, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү жана улуттук кызыкчылыктарды алдыга жылдыруу үчүн табигый кырсык тобокелдиктерин башкаруу тармагына инвестицияларды тартууга салымын кошот” - деп белгиледи Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев.