Жаңылыктар
Чүй облусунун Аламүдүн районунда уурулукка шектелген жаран кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Чүй облусунун Аламүдүн районунда уурулукка шектелген жаран кармалды

Аламүдүн районунун ИИБнө жергиликтүү тургун кайрылып, үстүбүздөгү жылдын январь айында Ленин айылында жайгашкан арыз ээсинин үйүнө кирип, сыналгысын уурдап кеткенин билдирип, белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. 

Аталган факты Аламүдүн районунун ИИБнүн КЖБР каттоого алынып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 200 (Уурдоо) беренеси менен сотко чейинки териштирүүлөр башталган. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, жогорудагы уурулук фактысын жасаган деп шектелип, Чүй ОИИББнын Криминалдык милиция кызматкерлери жана Аламүдүн районунун ИИБнүн кызматкерлери тарабынан мурда соттолгон 26 жаштагы Э.С жаран аныкталып, кармалган, ал Чүй облусунун тургуну болуп чыккан.

Андан аркы тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан Аламүдүн районунун аймагында катталган дагы төрт ушул сыяктуу уурулук фактылары аныкталып, жогорудагы адам да шектелип, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.