Чыныгы турак жай кооперативи менен каржы пирамидасын так ажыратуу керек. Адистер каражат салып, кезек күтүү менен мүлк алууну каалаган жарандарды кооперативдин ачык маалыматтарына, отчёттуулугуна көңүл бурууга чакырып жатышат.
Соңку жылдары ар кандай убадаларды берүү менен акча алып, бирок убадаланган мүлктү да, каражатын да кайтарып бербеген топтор көбөйгөн. Жер-жерлерде мындай каржы пирамидасын уюштургандарды жазалоо талабы коюлууда.
“Эгер ал турак-жай аласыз деп конкреттүү мөөнөттү атап жатса, демек ал каржы пирамидасы. Өз кызматын сунуштагандардын онлайн режимдеги ишине көңүл буруу зарыл. Мүлккө ээ болуу кезеги кимге келип жеткени күн сайын көрүнүп турушу керек",- деди экономист Кубан Чороев.