Жаңылыктар
УКМК: Айыл чарба министрлигинин кызмат адамдары кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Айыл чарба министрлигинин кызмат адамдары кармалды

Айыл чарба министрлигинин жетекчилик кызматтагы адамдары кармалды, - деп билдирди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, УКМК ата мекендик айыл чарба азыктарын ЕАЭБ өлкөлөрүнө ташуудагы коррупциянын туруктуу көрүнүштөрүн жоюу боюнча иштерди улантууда, анын натыйжасында айыл чарба азыктарын сыртка тоскоолдуксуз экспорттоодо бир нече жыл бою материалдык пайда алуу максатында жасалма тоскоолдуктарды жараткан өз ара бири-бири менен сүйлөшүп алган кызмат адамдарынын жана жеке компаниялардын туруктуу тобу аныкталган. 

Тергөөнүн жүрүшүндө көрсөтүлгөн мыйзамсыз фактыларга Айыл чарба министринин азыркы жана мурдагы орун басарынын тиешеси бар экендиги боюнча төгүндөлгүс далилдер алынган. Ушул жылдын 26-октябрында Айыл чарба министринин азыркы орун басары, ошондой эле министрдин мурдагы орун басары кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. УКМК айыл чарба өндүрүүчүлөрүнөн өндүрүп алуунун туруктуу коррупциялык схемасын түзүүгө катышкан бардык адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча максаттуу ишин улантууда.