Жогорку Кеңеш Санариптик өнүктүрүү министри кызматына Дастан Догоевдин талапкерлигин жактырды. Жогорку Кеңештин жыйынында катталган 80 депутаттын баары "макул" деген добушун берген.
Анын талапкерлигин Президенттин администрациясы көрсөткөн. Эске салсак, кечээ, 26-октябрда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Дастан Догоевди Санариптик өнүктүрүү министрлигинин эмгек жамаатына тааныштырган. Акылбек Жапаров Президенттин жарлыгы менен Министрлер Кабинетинин түзүмүндө Санариптик өнүктүрүү министрлиги түзүлүп, министрдин милдетин Дастан Догоев аткара турганын айткан.