Кыргыз Республикасынын Баатыры, жазуучу Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдыгы белгиленди. Салтанаттуу иш-чарага катышкан Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов кыргыз элинин адабият, маданият жана искусствосунун тарыхында өчпөс из калтырган алп жазуучу - кыргыз эли басып өткөн тарыхты көркөм сөздүн күчү менен жуурулуштуруп, гениалдуу тарыхый чыгармаларды жаратканын белгиледи. Мындан улам Төлөгөн Касымбеков кара сөздүн чечени, чыгаан калемгер, тарыхты көркөмдөп шөкөттөп жазуунун чебери катары белгилүү.