Кыргызстандагы стратегиялык маанидеги "Дастан" заводу 8 айдын жыйынтыгы менен 130 миллион сомдон ашык киреше тапты. Завод аскер-деңиз багытындагы каражаттарды өндүрүп, алар негизинен Россия жана алыскы чет мамлекеттерге сатылат. Жакынкы аралыкта ишкана менен бир нече өлкөлөр ортосунда келишим түзүлүп, өндүрүлгөн товар жеткириле баштаган.
«Дастан» заводу - Советтер Союзунун убагында түптөлүп, азыркы кезге чейин иштеп жаткан бирден-бир аскердик-өндүрүш комплекси. Мында 2 багытта иш аткарылат: негизгиси атайын багыттагы суу алдындагы техникалык каражаттарды өндүрүү, экинчиси кан тазалоочу медициналык апараттар жасалат. Аскердик багыттагы прибор, түзүлүш жана жабдуулар үчүн тетиктерди өндүрүүдө 719 киши эмгектенет. Алардын бири 12 жыл мурда Политехникалык институтту аяктап келип орношкон Антон. Ал соңку кезде иш көбөйгөнүн айтат.