Административдик ресурс колдонууга жана партиянын же бир мандаттуу округдан чыккан талапкерге добуш сатып алууга жол берилбеши керек. Мындай тапшырма мамлекеттик органдар менен жергиликтүү бийликтин алдына Республикалык штабдын төрагасы, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов тарабынан коюлду. Муну менен катар шайлоо комиссияларынын материалдык-техникалык жана башка муктаждыктарын толук камсыз кылуу милдети турат.
Шайлоо тилкелеринде байланыш, интернет жана жарык менен жылуулукту үзгүлтүксүз камсыздоо зарыл. Бул иштерди жергиликтүү шайлоого карата камылга көргөн бийлик жана тиешелүү мекемелер камсыз кылышы керек. Тапшырма болсо берилген. Административдик ресурс колдонууга жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө басым жасоого жол берилбейт. Мындай аркеттерге баргандарга мыйзамдуу чара көрүлөт.