Жаңылыктар
Лейлектин акими кызматтан четтетилди, Исфананын мэри катуу сөгүш алды
Кыргызстан жаңылыктары
Лейлектин акими кызматтан четтетилди, Исфананын мэри катуу сөгүш алды

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Алмазбек Рахманкулов Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - акими кызматынан четтетилди. 

Анын милдети биринчи орун басары Абдирашит Ташбалтаевге жүктөлдү. Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын жетекчиси Алтынбек Эргешев Баткен облусундагы мамлекеттик органдардын жетекчилери менен кеңешме өткөрүп, анда Алмазбек Рахманкуловду четтетүү жөнүндө чечим окулду.

Мындан сырткары, Исфана шаарынын мэри Чыңгызбек Рысовго катуу сөгүш берилди. Эске салсак, 23-октябрда Президент Садыр Жапаровдун маалымат жыйынында акимдердин бирөөсүнүн Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин пайдасына үгүттөөгө катышкандыгы тууралуу маалымат айтылган болчу.