Жаңылыктар
Салык төлөбөгөндөр өлкөдөн чыкпайт,- Акылбек Жапаров
Кыргызстан жаңылыктары
Салык төлөбөгөндөр өлкөдөн чыкпайт,- Акылбек Жапаров

Кыргызстанда 100 миң сомдон көп салыктык карызы бар компаниянын жетекчилерине чет өлкөгө чыгууга тыюу салынат. Бул туурасында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров парламентте билдирди. 

Учурда Жогорку Кеңеште Салык кодексинин жаңы редакциясынын долбоору каралып жатат. Документке аталган норма киргизилген. "Бир ишкананын салыктык карызы 100 миң сомдон ашып кетсе сотко кайрылып, чет өлкөгө чыгышына тыюу салуу чечими суралат. 

Ишканалар же ишкерлер мүлкүн сата албайт, анткени ага "кызыл кагаз" коюлат. Министрлер кабинетинин Төрагасы кошуна өлкөлөрдө мындай система натыйжалуу иштеп жатканын белгиледи.