Россияда “Мен Москваны кыдырып жүрөм” долбоору ишке аша баштады. Анын алкагында мекендештердин балдары музейлерге, галереяларга барышат. Алгачкы ирет алар орус живописинин казынасы болгон Третьяков галереясына барышты.
Мекендештердин балдары дүйнөлүк музейлердин бирине - Третьяков галереясына бет алышты. Орус живописинин казынасына саякат Кыргызстандын Россиядагы элчилиги тарабынан "Умай Эне" кайрымдуулук фонду менен биргеликте "Мен Москваны кыдырып жүрөм" долбоорунун алкагында уюштурулган.
Жеке коллекциядан улуттук музейге чейин. Бүгүнкү күндө Третьяков галереясынын баа жеткис коллекциясына улуттук көркөм сүрөт искусствосунун 57 миңден ашык чыгармалары киргизилген. Жыл сайын анын залдарына бир жарым миллиондон ашуу адам келет.
Эгерде Эрмитаж жана Санкт-Петербургдун башка маданий жайлары Павел Третьяковду искусствого болгон сүйүүсүн арттырса, “Я шагаю по Москве” долбоорунун уюштуруучулары бийик искусство менен тааныштыруу балдардын көз карашын кеңейтет деп үмүттөнүшөт. Третьяков орус искусствосунун келечеги бар деп эсептеген жана бул маселеге көп убакыт бөлүү керек деп айткан. Ошондой эле, долбоордун уюштуруучулары ата -энелерди балдарына көбүрөөк убакыт бөлүүгө, алардын келечегине инвестиция салууга чакырат.
"Баатырлар", "Алёнушка", "Атчан кыз" жана башкалар. Балдар окуу китептеринен, таттуулардын фантиктеринен көргөн сүрөттөрдүн оригиналдарын кызыгуу менен карап жатышты.
Москва музейлерге жана галереяларга толгон. Биринчи кадам ташталды. Долбоордун уюштуруучулары кийинки жөө жүрүштөрдүн маршруттарын түзө башташты.
Белгилеп кетсем, элчилик бул долбоорду Орусиянын дипломатиялык өкүлчүлүктүн кеңселери жайгашкан бардык аймактарына жайылтууну пландап жатат. Уюштуруучулар жаш муунду руханий-адептик жактан тарбиялоону колго алуу керектигин белгилешет. Балдар биздин келечегибиз деп бекеринен айтылбаса керек.