Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Өзбекстан Кыргызстанга куруп бере турган мектептердин маселеси каралып, жактырылды.
Буга чейин Өзбекстандын өкмөтү менен Кыргызстандын министрлер кабинети Кыргызстандын аймагына орто мектептерди куруу боюнча макулдашкан болчу. Долбоорго ылайык Өзбекстан Баткен облусундагы Самаркандек жана Маргун айылдарына 330 орундуу эки мектеп куруп, аларды керектүү жабдыктары менен камсыздап берет.