Жаңылыктар
УКМК: Айыл чарба министринин азыркы жана мурдагы орун басарлары кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Айыл чарба министринин азыркы жана мурдагы орун басарлары кармалды

Айыл чарба министрлигинин жетекчилик кызматтагы адамдары кармалды, - деп билдирди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, УКМК ата мекендик айыл чарба азыктарын ЕАЭБ өлкөлөрүнө ташуудагы коррупциянын туруктуу көрүнүштөрүн жоюу боюнча иштерди улантууда. Анын натыйжасында айыл чарба азыктарын сыртка тоскоолдуксуз экспорттоодо бир нече жыл бою материалдык пайда алуу максатында жасалма тоскоолдуктарды жараткан өз ара бири-бири менен сүйлөшүп алган кызмат адамдарынын жана жеке компаниялардын туруктуу тобу аныкталды. 

Тергөөнүн жүрүшүндө көрсөтүлгөн мыйзамсыз фактыларга Айыл чарба министринин азыркы жана мурдагы орун басарларынын тиешеси бар экендиги далилденди. Ушул жылдын 26-октябрында министрдин азыркы жана мурдагы орун басарлары кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Туруктуу коррупциялык схеманы түзүүгө катышкан бардык адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча максаттуу иштер уланууда.