Жаңылыктар
Бишкектин айрым жерлеринде таза суу өчүрүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектин айрым жерлеринде таза суу өчүрүлөт

28-октябрь күнү эртең менен саат тогуздан 17:00гө чейин 7-Апрель, Горький, Достоевский көчөлөрү жана темир жол менен чектелген аймакта убактылуу таза суу болбойт. Сууну өчүрүү шаардын суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу. 

Суу менен камсыздоо турак жайларда, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде токтотулат. Бишкек мэриясы жарандардан келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт.