Жаңылыктар
Улуттук банк: акча рыногунда абал туруктуу
Кыргызстан жаңылыктары
Улуттук банк: акча рыногунда абал туруктуу

Кыргызстандын акча рыногунда жагдай туруктуу сакталып турганын Улуттук банкт билдирди. 

Улуттук банк буга чейин акча алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүнө жол бербөө үчүн валюталык интервенция жүргүздү. Инфляциянын деңгээлине тышкы факторлордун таасир берүү тобокелдиги сакталууда. 

Бул азык-түлүк товарларына болгон баалардын дүйнө жүзү боюнча өсүшү, тарифтердин жогорулашы, айыл чарба продукциясын өндүрүү көлөмүнүн олуттуу төмөндөшүн шарттаган үстүбүздөгү жылдын жаз-жай мезгилиндеги шарттар. 

Ошондой эле Экономиканы насыялоо жана банктардын депозиттик базасын кеңейтүү боюнча динамика сакталып, депозиттер менен насыялардын долларлашуу көрсөткүчтөрү төмөндөөдө.