Жаңылыктар
Ысык-Көлдө “Кайраттуулуктун жумалыгы” акциясы өтүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көлдө “Кайраттуулуктун жумалыгы” акциясы өтүүдө

Ысык-Көл облусунда “Кайраттуулуктун жумалыгы” акциясы өтүүдө. 

Анда тартип сакчылар Бостери айылынын Аман Мамытов атындагы мектеп-гимназиясынын окуучулары менен жолугушту. 

Окуучуларга ички иштер органынын кызматкерлеринин эрдиктери, кылган кызматы тууралуу баяндама жасалды. Иш-чаранын алкагында милициянын кесиптик майрамына арналып, окуучулар тарабынан сүрөт көргөзмө даярдалган. 

Мыкты деп табылган эмгектер грамота, баалуу белектер менен сыйланды. 

Акция бир жума бою облустун мектептеринде уланат. Максаты - жаш муундардын патриоттук сезимин көтөрүүгө жана куралдуу кылмышкерлердин колунан каза тапкан милиция кызматкерлеринин эрдигин даңазалоо.