Жаңылыктар
Баткенде баңгизат менен тажик жараны кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Баткенде баңгизат менен тажик жараны кармалды

Баткенде баңгизат менен тажик жараны кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган башкармалыктын кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Баткен облусунун Жаштык айылынын аймагында баңгизаттарды жеткирүүнү уюштуруп, сатууну көздөгөн Тажикстандын жараны кармалган. Андан 9 кг 521 грамм нашаа табылган. 

Шектүү жаран Лейлек райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Учурда "Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо" беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш уланууда.