Бүгүн 1999чу жана 2000чи жылы Кыргызстандын аймагына кирип келген бандиттик топтордун колунан курман болгон Баткен коогалаңында көз жумган жоокерлер эскерилди. "Өзбекстандын ислам кыймылы" террордук тобунун согушкерлери ал учурда коңшу өлкөгө өткөрүү үчүн жол сурап, биздин чек арадан өтүп келип, кыргыз жарандарын барымтага алган. Бирок эл аралык нормада андай тартип жок болгондуктан кыргыз бийлиги бандиттик түзүмдү ордунда жок кылуу боюнча буйрук берген.