Жаңылыктар
Кыргызстан менен Кытайдын эки ишканасы кызматташуу маселелерин талкуулады
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан менен Кытайдын эки ишканасы кызматташуу маселелерин талкуулады

"Кыргыз темир жолу" жана Кытайдын "Инженердик корпорациясынын №3 темир жолу" ишканасы кызматташуу меморандумун ишке ашыруу маселелерин талкуулады. 

Мындан сырткары тараптардын Бишкек - Кайыңды, Бишкек - Балыкчы тилкелериндеги кыргыз темир жолунун объектилери, сунушталган Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече багыты менен таанышуу, ошондой эле жогоруда аталган долбоорлор боюнча техникалык документтерди изилдөө мерчемделген. 

Эскерте кетсек, Балыкчы - Кочкор - Кара -Кече темир жолун куруу боюнча инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу максатында, үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында эки өлкөнүн ишканаларынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлган.