Жаңылыктар
Баткен окуясынын 21 жылдыгына карата митинг-реквием өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен окуясынын 21 жылдыгына карата митинг-реквием өттү

Нарын шаарында Баткен окуясынын 21 жылдыгына карата митинг-реквием өткөрүлдү. Анда согуш учурунда курман болгон жоокерлер эскерилип, "Жеңиш" паркындагы эстеликке гүл коюлду. 

Нарын шаарынын биринчи вице-мэри Майрамбек Жунусов өз сөзүндө Баткен окуясы Кыргызстандын жалпы элинин биримдигин, аскердик даярдыгын сынга алган чоң тарыхый окуя экендигин, өлкөнүн бүтүндүгүн сактоодо Кыргызстандык жоокерлер кайратман эрдиги менен жеңишке ээ болгондугун белгиледи. Баткен окуясына Нарын шаарынан 115 жоокер аттанып, алардан экөө "Манас" орденинине жана "Эрдик" медалына татыган.