Жаңылыктар
Массалык уулануу. Медициналык жардам сурап кайрылгандардын саны 179 адамга жетти
Кыргызстан жаңылыктары
Массалык уулануу. Медициналык жардам сурап кайрылгандардын саны 179 адамга жетти

Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча саламаттык сактоо уюмдарына тамак-аштан ууланып кайрылгандардын саны 179га жетти, анын он сегизи жаш балдар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Учурда 50 адам стационардык дарыланууда. Темир жол ооруканасына 13, Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасына 12, Улуттук госпиталга 24, Ысык-Ата жалпы дарыгерлик практика борборуна бир адам кайрылган. Бейтаптардын абалы туруктуу деп бааланууда. Ал эми калган жабырлануучуларга жеринен биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. 

Белгилей кетсек, бир нече күн мурун "Империя пиццы" кафесинин тамагы менен массалык уулануу фактылары катталып, бардык тармактары убактылуу жабылган.