Кампалардагы импорттук көмүрдүн баасы 4 миң 500 сомдон ашкан жок. Бул тууралуу маалымат жыйынында Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Кеңешбай Тайлаков билдирди.
Анын айтымында көмүргө болгон баа салыштырмалуу төмөндөгөн. Жергиликтүү көмүр 5 миң 200 сомго чыгып кеткен, азыр 4 миң 800 сомдун тегерегинде сатылууда. Бир жуманын ичинде баа турукташат, - деди Тайлаков. Белгилей кетсек, өлкөдө көмүргө болгон муктаждык 3 миллион 19 миң тоннаны түзөт. Мунун 1 миллион 126 миң тоннасы калк үчүн, калганын Бишкек ЖЭБи пайдаланат. Агенттик, койгон талаптарга баш ийбеген сатуучуларга карата чара көрүлөрүн билдирди.