Жаңылыктар
Коррупциялык иштерге шектелип кармалган Таалайбек Апенов кызматынан бошотулду
Кыргызстан жаңылыктары
Коррупциялык иштерге шектелип кармалган Таалайбек Апенов кызматынан бошотулду

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Апенов Таалайбек Бекболотович Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы ээлеген кызматынан бошотулду.

Эске салсак, 18-октябрда ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 170 миң сом алып жаткан жеринен шектүү катары Президенттин Администрациясынын Ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы Апенов Таалайбек кармалып, Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.