Жаңылыктар
Президенттин Администрациясынын Кырдаалдык борбору түзүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Президенттин Администрациясынын Кырдаалдык борбору түзүлдү

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Администрациясынын Кырдаалдык борбору жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ишин маалыматтык-аналитикалык маалыматтар менен камсыз кылуу, башкаруучулук түзүмдөрдү санариптештирүү, ошондой эле аналитикалык маалыматтарды ыкчам даярдоо максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Кырдаалдык борборун түзүүгө токтом кылынат.