Жаңылыктар
Кыргызстандын элчиси Э.Абдылдаев Даниянын Ханышасы Маргрете II айымга Ишеним грамотасын тапшырды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандын элчиси Э.Абдылдаев Даниянын Ханышасы Маргрете II айымга Ишеним грамотасын тапшырды

25-октябрда резиденциясы Берлин шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Дания Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрлан Абдылдаев Даниянын Ханышасы Маргрете II айымга Ишеним грамотасын тапшырды.

«Амалиенборг» падышалык сарайында ишеним грамоталарын тапшыруу салтанаттуу аземи аяктагандан кийин, Даниянын Ханышасы менен расмий жолугушуу өткөрүлдү, анын жүрүшүндө Элчи Э.Абдылдаев Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровдун атынан жылуу салам жана жакшы каалоолорун айтып, Кыргызстандын ички саясий жана экономикалык абалы тууралуу маалымат берди.

Аудиенциянын жүрүшүндө ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Дания Королдугунун ортосундагы эки тараптуу саясий жана соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Даниянын Ханышасы Маргрете II айым Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго эң жакшы каалоолорун айтып, өлкө элине бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады. Ошондой эле Элчи Э.Абдылдаевге кыргыз-даниялык эки тараптуу мамилелерди чыңдоодо ийгиликтүү жана жемиштүү иштерди каалады.