Бишкек шаарындагы №18 мектеп-гимназиянын кошумча окуу корпусунун курулушу 2019-жылы башталган. Бүгүнкү күндө объекттин курулуш даярдыгы 80 пайызды түзөт.
Бул билим берүү объектисинин долбоордук кубаттуулугу 225 окуучуга эсептелген. Анын жалпы аянты 910,0 м2 түзүп, эки окуу корпустарынан турат. Ал эми объекттин наркы 41 млн 619 миң 400 сомду түзөт. Быйылкы жылы, объектти бүткөрүү үчүн 9 млн 978 миң 900 сом бөлүнгөн.
Белгилей кетсек, объектиде негизги курулуш иштери аягына чыкты, бул ички жана сырткы жасалгоосу, имараттын полдору, терезелери жана эшиктери орнотулду, электрмонтаждоо жана сантехникалык жумуштар аяктады, жылуулук тармагы, суу менен камсыздоо жана канализация тармагы боюнча жумуштар.
Учурда подряддык уюм тарабынан аймакты көрктөндүрүү боюнча иштер башталды. Объекттин курулушун аяктоо жана 2021-жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү пландаштырылууда.