Кыргызстанда баңгизаттарга көз каранды 8 миңден ашуун жаран каттоодо турат. Алардын көпчүлүгү 25 жаштан 30 жашка чейинки курактагылар. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.
Атайын уюштурулган жыйында келечек муунду баңгизаттардан алыс кылып, сергек жашоого чакыруу маселеси талкууланды. Милиция кызматкерлери мугалимдер менен бирге мектеп окуучуларына, студенттерге баңгизаттардын коркунучу тууралуу маалыматтарды жеткирүүдө.