Жаңылыктар
Кыргызстан Россияга товар жөнөтүү боюнча жаңы эрежени сүйлөштү
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан Россияга товар жөнөтүү боюнча жаңы эрежени сүйлөштү

Кыргызстан Россияга Казакстан аркылуу товар жөнөтүү боюнча жаңы эрежени сүйлөштү. Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына караганда, 22-октябрда Кыргызстандан Казакстан менен Россияга барган жана ал жактан келген товар менен унааларга мониторинг жүргүзүү боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү тартибине кол коюлган. 

Министрдин орун басары Эльдар Алишеров бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү жана жүк ташуучулар менен жолугуп, бул эрежеде эл аралык жүк ташууда навигациялык пломба колдонуу каралгандыгын белгилеген. Эрежеге ылайык, Кыргызстандан Казакстанга же Россияга барып, кайра келчү транзиттик жүк ташуучу унааларга казак тарап көзөмөл-кароо иш-чараларын жүргүзбөйт.