Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот деп мамлекет үчүн адал иштеп, ак кызмат кылган кеменгер инсандардын бири - Исхак Раззаков.
Ал Кыргызстанды союз учурунда күчтүү республика кылуу үчүн эбегейсиз эмгек жумшап, улуттун улуу уулу боло алды.
Исхак Раззаков республиканы башкарган жылдары эң маанилүү объектилер курулуп, пайдаланууга берилген. Айрыкча агартуу жана маданият тармагында арымдуу, алгылыктуу арыштар болгондугу аңыз болуп айтылып келет.
Исхак Раззаков Кыргызстандын коммунисттик партиясынын биринчи катчысы болуп турганда жашаган үйү азыр музейге айланган. Ал жерде анын кийимдери, колдонгон буюмдары, документтери, үй-бүлөсү, саясий, маданий ишмерлер менен түшкөн сүрөттөрү жана эл алдына чыгып сүйлөгөн тексттери сакталган. Баш-аягы миңден ашык экспонат бар.
35 жашында Министрлер Советинин төрагасы, кырк жашында Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болгон камкор жетекчи -кыргыз элинин бактысына жаралган. Ар убак Кыргызстан бир жер, бир эл,-деп элди ынтымакка,биримдикке чакыруу менен чыныгы жол башчы, нукура көсөм боло алган.
Эмгек менен түбөлүктүү жашоонун өрнөгүн көрсөткөн улуу инсан менен кыргыз эли сыймыктанат. Көөдөнү жарык, көкүрөгү таза инсандын мөлтүр суудай таза өмүрү кийинки муун үчүн үлгү.