Бишкекте чыгаан мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдыгынын урматына салтанаттуу иш-чара өттү.
Эл ичинде Раззаков айткан сөзү, аткарган ишине дал келген таза, калыс, адилет жетекчи катары белгилүү. Бул инсандын өмүрү, басып өткөн жолу, ар бир кыргызстандык үчүн өрнөк.
Салтанаттуу иш-чарага катышкан Президент Садыр Жапаров Исхак Раззаков элинин келечеги, бакубат жашоосу үчүн талыкпай эмгектенген улуу инсан экенин белгилеп, анын ишмердүүлүгү, жетекчилик касиеттери баарыбызга үлгү болорун айтты.
Исхак Раззаков эл жерин сактап, мамлекеттин өнүгүшүнө бар далалатын жумшаган улуттун уулу. Раззаковдун өмүр таржымалы, баскан жолу, эл үчүн жасаган эмгеги келечек муунга өрнөк. Ата-Журт үчүн ак кызмат кылып, аруу-таза жүрүүнүн үлгүсүн калтырган Исхак Раззаковдун ысымы ар бир кыргызстандыкты сыймыкка бөлөйт. Раззаков Кыргызстандын мамлекет болуп калыптанып, түптөлүшүнө эбегейсиз салым кошкон мамлекеттик жана партиялык ишмер. Эли жери үчүн ак кызмат кылып, сөзү менен иши айкалышкан жетекчини даңктап, анын өрнөктүү өмүрү тууралуу бир нече китептер жарыкка чыккан.
35 жашында Раззаковго Кыргызстанды согуштан кийинки оор жылдары жетектөө тагдыры буйруду. Кыйын учурга моюбастан иштиктүү иштеген, коомдук турмушту жакшы билген жетекчи катары өзүн көрсөтөт. Ал жетекчилик кызматта турган убакта, мамлекет бардык тармактардан эң мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен. Кыска убакытта экономиканы оңдоп, айыл чарбасын өнүктүрүп, маданиятты көтөрүп, облустарды байланыштырган ички жолдор, темир жол курулуп, завод-фабрикалар ачылган. Чыгаан мамлекеттик жана коомдук ишмердин басып өткөн жолу сахналаштырылган.
Исхак Раззаков бүгүнкү жаркын келечек, бакубат жашообуз үчүн бүтүндөй өмүрүн арнады. Кыргызстандын келечегине багытталган, мамлекеттик деңгээлдеги иш аракеттери, бүгүнкү бакубат жашообуздун пайдубалы десек болот. Исхак Раззаковдун 110 жылдык мааракесин белгилөөгө арналган салтанаттуу иш-чарага катышкан Президент Садыр Жапаров да өз эл-жерин сүйгөн, ага кан-жанын аябай өлбөс-өчпөс из калтырган ата-бабаларыбыздын ат көтөргүс эмгегинин аркасында бүгүнкү эгемен Кыргызстанда жашап жатабыз-деди.