Жаңылыктар
Мыкандагы мектеп 9 айда курулуп бүттү
Кыргызстан жаңылыктары
Мыкандагы мектеп 9 айда курулуп бүттү

Мыкан айылындагы бир жарым миң тургун көптөн бери күткөн билим уя окуучулар үчүн каалгасын ачты. Эми жашоочулар балдарын коңшу айылдарга ташыган күндор артта калды. 

Элди кубанычка бөлөгөн 300 орундуу мектепти өлкө башчысы Садыр Жапаров ачып берип, билим берүү мекемесинин ичин көрүп чыкты. 

Мектепте 12 класс болсо, баары заман талабына ылайык жабдылган. Ичиндеги китепкана, ашкана, спорт зал окуучуларды эле эмес, салтанатка келген ата-энелердин дагы купулуна толду. Ушул айылда жашаган 4 балалуу Анара айым 2-кызынын жаңы мектепте билим аларына кубанууда. 4-класстан кийин адаттагыдай эле коңшу айылдарга окутам деп ойлогон. 

Бардык шарты менен салынган мектепте 12 мугалим иштеп жатат. Алар 4-класстан кийин башка мектептерде окуп жаткан балдар өз айылындагы жаңы билим уяга акырындык менен келе башташканын белгилешет. 

160 бала мурдагы эски бала бакчанын 4 бөлмөсүндө 4-класска чейин эле окуй алышчу. Спорт залы жок, дене тарбия сабагын сыртта өтүүгө туура келчү. 

Президент жалпы айылдыктарды мектептин ачылышы менен куттуктап, билим берүү - туруктуу өнүктүрүүнүн эң ишенимдүү пайдубалы экенине токтолду. Президент билим берүү мекемелеринин курулушуна, эски мектептердин капиталдык оңдоодон өткөрүлүшүнө өзгөчө көңүл буруларын белгиледи. 

Мамлекет башчысы татыктуу тарбия бала бакчадан башталса, билимдин пайдубалы мектептен түптөлөрүн айтты. Ошондой эле педагогикалык чеберчиликти мезгилдин талабына ылайык өркүндөтүү керектигине токтолду. 

Мамлекет башчы Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясына социалдык объектилерди курууга көмөктөшкөнү үчүн ыраазычылык билдирди. Бүгүнкү күндө аталган коомдук бирикме тарабынан Кыргызстандын эң муктаж болгон аймактарында 55 мектеп курулган. Анын жетөө ушул Чүй облусунда. Бул мектептин жанына ФАП, мечит, сейил бак кошо курулгандыктан “Достук” комплекси деп аталды. 

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров Президент катары региондорго болгон иш сапарын Чүй облусунан баштаган. Мамлекет башчы 31-январда ушул Мыкан айылындагы окуу мекемесине капсула салган болчу. Ошондо коюлуп жаткан биринчи кыш өлкө боюнча курулуштардын башталышынын белгиси болсун деп, инвесторлорго жана өнөктөштөргө өлкөнүн эшиги ар дайым ачык экенин айткан. 

Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 2 миңден ашык мектеп бар. Мыкан айылындагы билим уянын курулушу дагы жыл айланбай аяктап, баарын кубандырууда. Себеби ар бир жаңы мектеп - мамлекеттин жаркын келечегине жана өнүгүүгө карай ачылган даңгыр жол.