Жаңылыктар
Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамы бекитилди
Кыргызстан жаңылыктары
Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамы бекитилди

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамын бекитүү жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Антикоррупциялык ишкердик кеңешти түзүүнүн негизги максаты - коррупцияга каршы күрөшүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын өркүндөтүү, мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун ортосунда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча натыйжалуу диалогун камсыз кылуу, бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, инвестициялык климатты жана ишкердик субъекттердин ишин коргоо, колдоо механизмдерин жакшыртуу. 

Кеңештин курамын Президент Кеңештин башкы катчысынын сунушу боюнча бекитет. Анын курамына Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, бизнес-коомчулуктун жана академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү кирет.