Жыл сайын республикада сууктун түшүшү менен сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялар күч алып, ооругандардын көбөйүшү байкалат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова билдирди.
Анын билдирүүсүндө быйыл окуу жылынын башталышынан бери өлкөдө мектепке чейинки курактагы балдардын арасында 68 учур жана мектеп жашындагы окуучулар арасында 180 учур катталган. Бул мезгил ичинде эң көп ооругандар 60-69 жаш курактагы 841 учур болгон. Буга сасык тумоо вирусунун төмөнкү температурага жогорку туруктуулугу жана адамга катуу суук тийген учурунда ага каршы коргонуусунун төмөндөшү шарт түзөт.
Ошондой эле, Саламаттык сактоо министрлиги жугуштуу пневмония менен ооруган балдарды кабыл алуу үчүн кошумча керебеттерди кеңейтүү боюнча чечим кабыл алган.